Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 01:18

Коомдук коопсуздук боюнча улуттук жыйын өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте “Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана алдын алуу” деген улуттук конференция өтөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык биримдигинин өкүлү Урмат Казакбаев билдирди. Анын айтымында, эки күнгө созулган иш-чарада коопсуздукка байланыштуу төрт чоң маселе талкууланат. Алар: коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн көрүлгөн жалпы чаралар, жол коопсуздугу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу, радикализмге каршы күрөш.

Конференцияга премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусу күтүлүүдө.

- Реформанын мөөнөтүн үч-беш жылдык деп коюп алып, өкмөт ошого да жетпей алмашып жатат. Бул туура эмес. Эгер мындай боло берсе Кыргызстанда реформалар эч качан толугу менен жүрбөйт, - деди Казакбаев.

Ушундай эле жыйын мындан эки жыл мурда болгон. Бул жолу мамлекеттик органдарга айткан сунуш-талаптардын аткарылышы тууралуу да сөз болот.(КЕ)

XS
SM
MD
LG