Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Словакияда журналисттин өлүмүнөн кийин бир нече чиновник отставкага кетти


Ян Куцьяктын портрети.
Ян Куцьяктын портрети.

Словакияда журналист Ян Куцьяктын өлүмүнөн кийин өлкөнүн премьер-министринин жардамчысы Мария Трошкова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань жана маалымат министри Марек Мадьярич кызматынан кетти.

Ян Куцьяк "Aktuality" сайтында коррупцияга аралашып, салыктан качкандар тууралуу иликтөөлөрдү жарыялап турган. Акыркы убактарда Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) менен кошо өлкө саясатчыларынын италиялык мафия менен болжолдуу байланышы тууралуу иликтөөлөрдү жасап жүргөн. 9-февралда жарыяланган акыркы макаласында журналист ишкер Мариан Кочнерге байланышкан күмөндүү каржылык иштер тууралуу жазган.

Журналисттин сөөгү 25-февралда табылган. Ага ок атылганы кабарланган. Полиция Куцьяктын өлүмүнө журналисттик иликтөөлөрү себеп болушу мүмкүн экенин айткан. "Буга чейин Словакияда журналистке мындай аёосуз кол салуу болгон эмес", - деди полиция өкүлү.

Бул окуяга байланыштуу өлкөнүн оппозиция өкүлдөрү ички иштер министри Роберт Калиняк менен полиция башчысы Тибор Гашпар да кызматтан кетиши керек деп жатышат.

XS
SM
MD
LG