Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Жогорку Кеңеште спортчуларды үй менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлдү


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Жогорку Кеңештин депутаттары ири спорттук мелдештерде биринчи орун алган спортчуларды батир менен камсыз кылуу тууралуу демилге көтөрүштү. Эл өкүлдөрү Тазабек Икрамов жана Камчыбек Жолдошбаев буга чейин Азия чемпионатын уткан кыргызстандык спортчуларга мамлекет батир ыйгарып келгенин, азыр мындай сыйлык жоюлганын эске салышты. Депутат Икрамов өкмөт спортчуларды сыйлоону кайра жандандырбаса, спортчулардын келечеги бүдөмүк экенин айтты.

- Учурда Кыргызстанда күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Кечээ бир балбаныбыз Акжол Махмудов өлкөбүзгө алтын медаль алып келди. Мындай спортчуларды мамлекет үй менен камсыз кылып колдобосо, чемпиондун келечеги эртең кандай болору белгисиз, - деди ал.

Буга чейин Кыргызстандын Күрөштүн түрлөрү боюнча федерациясынын вице-президенти Нурланбек Исмаилов мамлекет спортчуларга 50 млн. сомго чейин каражат бөлөөрүн, бирок бул каражат күрөштү каржылоого жетишсиз экенин билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG