Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, Владивосток шаарында 15 жаштагы орусиялык өспүрүм кызга карата бузукулук аракеттерди кылган деп айыпталган кыргызстандык камактан чыкты.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө анын кылмыш кылганы аныкталган эмес.
Ошол эле маалда анын Орусиянын миграция эрежесин бузганы, бул өлкөдө уруксат берүүчү документи жок жүргөнү белгилүү болуп, ал Коряки шаарындагы чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборго киргизилди. Эми ал Кыргызстанга депортацияланат.
Ош облусунун 25 жаштагы тургуну Владивостокто жашы жете элек кызга карата "бузукулук жоруктарды жасаган" деген шек менен 20-февралда кармалган. (NT)