Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Азия чемпионаты: Кыргызстандык грек-римчилер 1-орунду алды


Бишкектеги Азия чемпионатындагы мелдештердин бири.
Бишкектеги Азия чемпионатындагы мелдештердин бири.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында жалпы командалык эсепте 1-орунду алды. Чемпионаттын жүрүшүндө 10 комплект медаль ойнотулду.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары бир алтын, үч күмүш жана төрт коло байге алды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак жогоруда аталган көрсөткүч менен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы 157 упай топтоп, командалык эсепте 1-орунду алды.

Эки алтын, бир күмүш жана төрт коло байге менен 156 упай чогулткан Казакстан 2-орунга ээ болду. Өзбекстандыктар бир алтын, эки күмүш жана үч коло медаль менен 148 упай алып, 3-орунга жайгашты. 4-орунду Жапониянын, 5-орунду Ирандын командалары ээледи. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарга 16 өлкөнүн балбандары катышты.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын эң жакшы көрсөткүчү буга чейин 2014-жылы болгон. Анда Астанада өткөн Азия чемпионатында командалык эсепте кыргыз балбандары 2-орунду алышкан.

Күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча таймаштар 27-28-февраль күндөрү өттү. Күрөш боюча Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат. Бүгүн кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулуп жатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG