Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Питерде кыргызстандык өспүрүмдүн өлүмүн тууганынан көрүп жатышат


Санкт-Петербург.
Санкт-Петербург.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында он бир жаштагы кыргызстандык өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү катары анын тууганы кармалды.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, ал күнөөсүн моюнга алды. Учурда тергөө уланууда. Кыргызстандын консулдугу Орусиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербург шаары боюнча башкармалыгына иштин чоо-жайы тууралуу маалымат берүүнү өтүнүп кат жиберген. Азырынча жооп келе элек.

Маалыматка караганда, маркумдун сөөгүн мекенине жеткириш үчүн Орусиядагы элчиликтин жана кыргыз диаспорасынын жардамы менен акча топтолуп, "Жүк-200" 10-февралда Санкт-Петербургдан Ошко жеткирилген.

Кандуу окуя быйыл январдын этегинде болгон. 26-январда Кыргызстандын 42 жаштагы жараны анын уулу апасы менен жүрүп дайынсыз болуп жатканын айтып, милицияга арыз жазган. 6-февралда шаардын "Купчино" метросунун жанынан баланын сөөгү табылган. Ал муунтуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Өспүрүмдү өлтүрүүгө шектүү катары баланын апасы жана анын күйөө баласы камакка алынган. Факты боюнча Санкт-Петербургдун тергөө комитети Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG