Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Замира Сыдыкова: Уулумдун курал сатууга эч тиешеси жок


Замира Сыдыкова.
Замира Сыдыкова.

АКШда курал аткезчилигине шектүү катары кармалган эки адамдын бири "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экендигин журналисттин өзүнө шилтеме берип 24.kg сайты жазып чыкты.

Тенгиз Сыдыков.
Тенгиз Сыдыков.

Сайтка берген комментарийинде Замира Сыдыкова уулун "IT компанияда иштейт, курал сатууга эч кандай тиешеси жок" деп айткан. Ошондой эле журналист кармалгандарга айып тагыла электигин белгилеп, уулунун шектүү катары ысымы "кармалган экинчи адамга байланыштуу аталып жатышы мүмкүн, анткени мурда батирде чогуу турушкан" деп түшүндүргөн. Экинчи шектүү адам Элдар Резванов Казакстандын жараны экени айтылууда.

Американын Виржиния штатында жашаган эки кыргызстандык Чеченстанга ташылган курал аткезчилигине айыпталып кармалганын 1-мартта wjla.com сайты жазып чыккан. Анда 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатуу, аткезчилик боюнча айыпталып жатканы жазылган. Алар жүздөн ашык ок атуучу куралды алып, аны лицензиясыз, жасалма документтер менен башка товар катары көрсөтүп Чеченстанга жөнөтүүгө аракеттенгени үчүн кармалганы айтылган.

Жергиликтүү почта кызматкерлери мындай жүк дээрлик күн сайын жөнөтүлүп турганын маалымдашкан. АКШнын мыйзамдарында курал аткезчилиги үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы кабарланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын чоо-жайы тууралуу маалыматты тактап жатат.

Замира Сыдыкова 2005-2010-жылдары Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп иштеген. (NT)

XS
SM
MD
LG