Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Тажик-өзбек чек арасында тогуз өткөрмө бекет ачылды


Тажик-өзбек чек арасындагы «Патар - Андархон» бекети, 27.02.2018
Тажик-өзбек чек арасындагы «Патар - Андархон» бекети, 27.02.2018

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы "Патар - Андархон" чек ара бекетинен коңшулар эркин өтө башташты. Он жылга жакын жабык турган өтмөк 20 күн мурда ачылган. Канибадам менен Бешари райондорунда жашап, режимдин айынан ондогон жылдан бери туугандарына каттай албагандар көрүшүүдө.

Өзбекстанды Шавкат Мирзиёев жетектей баштагандан бери эки өлкө ымаласы жакшырып, ушул кезге чейин чек арадагы жабык турган 14 пункттун тогузу ачылды.

9-мартта Мирзиёев биринчи мамлекеттик сапар менен Душанбеге барат. Кол коюла турган 20 документтин арасында чек ара маселелери бар экени кабарланат.

XS
SM
MD
LG