Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Чыңгыз Сыдыков: Инимдин курал аткезчилигине катышы жок


Тенгиз Сыдыков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Тенгиз Сыдыков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

АКШда курал аткезчилигине шектүү катары кармалган эки адамдын бири Тенгиз Сыдыковдун агасы Чыңгыз Сыдыков анын бул ишке тиешеси жоктугун "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Мен азыр комментарий бере албайм. Бирок анын бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун так билем. Эми сот чечим чыгарса керек.

Буга чейин Тенгиз "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экени белгилүү болгон. 24.kg сайтына берген комментарийинде Замира Сыдыкова баласы тууралуу "IT компанияда иштейт, курал сатууга эч кандай тиешеси жок" деп айткан. Ошондой эле журналист кармалгандарга айып тагыла электигин белгилеп, уулунун ысымы "кармалган экинчи адамга байланыштуу аталып жатышы мүмкүн, анткени мурда батирде чогуу турушкан" деп түшүндүргөн.

Американын Виржиния штатында жашаган эки кыргызстандык Чеченстанга ташылган курал аткезчилигине байланыштуу айыпталып кармалганы 1-мартта wjla.com сайтында жазылган. Анда 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов жүздөн ашык ок атуучу куралды алып, аны лицензиясыз, жасалма документтер менен башка товар катары көрсөтүп Чеченстанга жөнөтүүгө аракеттенгени үчүн кармалганы айтылган.

Экинчи шектүү адам Элдар Резванов Казакстандын жараны экени кабарланууда. Аткезчиликке байланыштуу АКШнын Юстиция министрлигинин justice.gov сайтына жайгаштырылган документте болсо кармалгандардын экөө тең Кыргызстандын жарандары деп көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын чоо-жайы тууралуу маалыматты тактап жатат.

Замира Сыдыкова 2005-2010-жылдары Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп иштеген. (NT)

XS
SM
MD
LG