Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ош шаарынын, Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорунун аскер комиссариаттарынын жогорку кызматкерлери "айрым адамдар менен алдын-ала келишип алып, "Ооганстандагы аскердик аракеттерге катышкан" деген жалган документ жасаткан жана ал үчүн ай сайын 6 миң сомдон алып турган" деп айыпталууда.
Аскер прокуратурасы 46 “жалган ооганчыга” байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”), 315-беренесинин (“Кызматтык жасалмалоо”) жана 166-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, 2010-жылдан 2017-жылга чейин бул адамдарга бюджеттен 23 млн. 700 миң сом төлөнгөн.
Учурда мамлекеттик казынанын каражатын толугу менен ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө. (КЕ)