Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Францияда Марин Ле Пен партиясынын атын өзгөртөт


Марин Ле Пендин сүрөтүн көтөргөн марштын катышуучусу, 8.03.2017
Марин Ле Пендин сүрөтүн көтөргөн марштын катышуучусу, 8.03.2017

Франциялык оңчул саясатчы Марин Ле Пен өзү жетекчилик кылган консервативдик Улуттук Фронт партиясынын атын өзгөртүүнү көздөп жатат. Ал муну менен партиясын саясий оппозициялык күчкө айлантып, кийинки шайлоодо көбүрөөк добуш топтоого камынууда.

Улуттук Фронтту негиздеп, аны 40 жыл жетектеген, 2011-жылы лидерликти кызына өткөргөн Жан-Мари Ле Пен муну саясий жактан өзүн өзү өлтүрүү катары баалады. Ал 2015-жылы партиядан чыгарылган. Ошондон кийин кызы менен мамилеси жакшы эмес.

Ле Пен Франциядагы өткөн жылкы президенттик шайлоонун экинчи турунда Эммануэл Макронго утулуп калган. Ле Пендин демилгеси марттын ортосундагы курултайда добушка коюлат.

XS
SM
MD
LG