Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Словакияда өлтүрүлгөн журналисттин иши боюнча жети киши кармалды


Ян Куциак
Ян Куциак

Ян Куциактын киши колдуу болгонун иликтеген полиция Словакиянын түштүгүндөгү Михаловце шаарында италиялык ишкер Антонио Вадаланы, анын бир тууганы Бруно Вадаланы жана бөлөсү Пьетро Катроппаны кармады.

Полиция кармалгандарды суракка калгандан кийин бөгөт чарасын чечет. Антонио Вадала журналисттин иликтөөсүндө башкы фигурант болгон. Аны словак бийлиги италиялык кылмыштуу Ндрангета тобу менен байланышы бар деп шек санаган.

Жалпысынын журналисттин өлүмүн иликтөө ишинин алкагында жети киши кармалды. Полициянын маалымат катчысы Словакиянын түштүгүндө Куциактын көзүн тазалоого кызыкдар болушу мүмкүн деп, шек туудургандардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн билдирди.

Словакияда журналист өлтүрүлгөндөн кийин премьер-министрдин жардамчысы Мария Трошкова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань, башкаруучу партиянын мүчөсү, маданият министри Марек Мадьярич кызматтан кетишти.

27 жаштагы Ян Куциак менен анын курбу кызынын сөөгү дүйшөмбүдө Братиславадан 65 чакырым жердеги Велка-Мака шаарындагы үйүнөн табылган.

Aktuality.sk интернет басылмасы жана Коррупцияны, уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча эл аралык борбор менен (OCCRP) менен кызматташкан журналист акыркы кезде Евробиримдиктин фондунан Словакияга бөлүнгөн каражатты колдонууга италиялык мафиянын аралашканы, бул ишке премьер-министр Роберт Фицонун тегерегиндеги адамдардын да тиешеси бар болушу мүмкүн экенин иликтеп жаткан.

XS
SM
MD
LG