Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

Чыгыш Гутада "гуманитардык тыныгуу" үчүнчү ирет бузулду


Чыгыш Гутадан чыгып жаткан карапйым эл, 1.03.2018
Чыгыш Гутадан чыгып жаткан карапйым эл, 1.03.2018

Улуттар Уюму Сириядагы козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гута анклавында кырдаал дагы курчуганын билдирди. Өлкө аймагында ок атышпоо жөнүндө резолюцияга карабай абал начарлап кеткенин БУУнун гуманитардык маселелер боюнча атайын чабарманы Ян Эгеланн Женевада туруп билдирди.

Анын белгилешинче, Чыгыш Гутада Орусия сириялык режим менен уюштурган гуманитардык коридордон майнап чыккан жок. БУУнун өкүлү күнүгө беш саат ичинде карапайым элди эвакуациялоо мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Бейшембиде Чыгыш Гутада «гуманитардык тыныгуу» режими бузулуп, ок атылды. Орусия буга козголоңчуларды айыптады. Асаддын режимине каршы согушкандар болсо Орусия элдин гуманитардык коридор менен чыгып кетүүсүн камсыздай албай жатканын сындады.

Орусия гуманитардык коридорду жакшы уюштура албай жатканын Эл аралык Кызыл чырым уюму менен Сириядагы адам укутарына көз салган обсерватория дагы белгиледи.

Февралдын соңунда Чыгыш Гутадагы бомбалоодон жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында аялдар, балдар дагы бардыгы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG