Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

ЖК фракциясы “Арзан турак жай” программасын талкуулайт


Бишкектеги курулуштардын бири. 2016-жыл.
Бишкектеги курулуштардын бири. 2016-жыл.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын ишке ашырылышын талкуулайт.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул боюнча вице-премьер-министр Санжар Муканбетов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев жана каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат берет.

Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурда "Арзан турак жай 2015-2020" программасын кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан 2400дөй адамга суммасы 2,5 миллиард сомдон ашуун насыя берди.

Январь айында президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Адылбек Касымалиевди жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алган учурда бүгүнкү күндө белгиленген 8-10 пайыздык үстөк айрым жарандар үчүн оор экенин айткан.

Бирок быйыл ипотекалык насыялоонун үстөгү жети пайызга түшүрүлүп, кийинки жылдын башында насыялар алты пайыз менен бериле баштай турганы белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG