Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Бишкекте “Балага эшик ач!” аттуу өнөктүк башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте майып балдарга арналган “Балага эшик ач!” аттуу социалдык өнөктүк башталды. БУУнун балдар фонду баштаган бул иш-чараны Бишкек мэриясы да колдоп жатат.

Анын алкагында муниципалдык балдар бакчаларына майып балдарды бөлбөстөн, алар менен кантип чогуу ойноп, сүйлөшүү керектигин түшүндүргөн баракчалар таратылат. Өнөктүктүн максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу, аларды кодулоону токтотуу.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жалпысынан 2 миллиондон ашуун балдар болсо, алардын 29 миңи майып. (КЕ)

XS
SM
MD
LG