Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

АКШда кармалган Тениз Сыдыков тергөө бүткүчө бошотулат


Тенгиз Сыдыков.
Тенгиз Сыдыков.

АКШнын соту курал аткезчилигине шектүү катары кармалган кыргызстандык Тенгиз Сыдыковду тергөө бүткүчө бошотууну чечти. Бул тууралуу маалымат “Азаттыкка” Виржиния штатынын Александрия шаарындагы ишти караган соттун кеңсесинен келип түштү. Бирок Сыдыков тергөө маалындагы талаптарды аткара алары аныкталгандан кийин бошотула турган болду.

Аны менен кошо кармалган Казакстандын жараны Элдар Резванов камакта калды. Анын маселеси боюнча соттук жыйын 7-мартта уланмай болду.

27-февралда Американын Виржиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасы Сыдыков менен Резвановду "курал-жарактардын бөлүктөрүн Чеченстанга ташууга аракеттенген" деген шек менен кармаган.

Бул ишти иликтеген АКШнын Ички коопсуздук департаментинин атайынын агенти Майкл Гручаштын көрсөтмөсүндө сөз болуп жаткан эки адам Чеченстандагы жана башка жактардагы чет өлкөлүк банктардан АКШга акча котортуп, ал акчага “Глок” тапанчаларынын бөлүктөрүн, АК-47 автоматынын окторун сатып алып турганы, аларды “ашкана буюмдары” катары Чеченстанга жөнөтүүгө аракет кылганы айтылат.

Буга чейин Тенгиз "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экени белгилүү болгон. 24.kg сайтына берген комментарийинде Замира Сыдыкова баласы тууралуу "IT компанияда иштейт, курал сатууга эч кандай тиешеси жок" деп айткан. Ошондой эле журналист кармалгандарга айып тагыла электигин белгилеп, уулунун ысымы "кармалган экинчи адамга байланыштуу аталып жатышы мүмкүн, анткени мурда батирде чогуу турушкан" деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG