Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Чүйдө бала бакчанын имараты кайра мамлекетке өткөрүлдү


Бала бакчанын жетишсиздиги - Кыргызстандын бардык аймактарында курч маселе.
Бала бакчанын жетишсиздиги - Кыргызстандын бардык аймактарында курч маселе.

Чүйдө жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен бала бакча кайрадан муниципалдык менчикке берилди. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Көзөмөл органынын маалыматына караганда, 2002-жылы Айыл жана суу чарба министрлиги Москва районундагы “Аленка” бала бакчасынын имаратын айыл чарба кооперативдеринин бирине мыйзамсыз сатып жиберген.

2012-жылы сатып алуу тууралуу документтердин мыйзамдуулугун аныктоо максатында прокуратура сотко кайрылган. Кооперативдин жетекчилиги имаратты айыл өкмөтүнө өткөрүп бергенин айткандан кийин кылмыш иши жабылган. Бирок 2014-жылы айыл өкмөтүнүн токтому менен имаратка ээлик кылуу укугу кайрадан ошол кооперативге берилген.

Прокуратура органдары киришкенден кийин гана мыйзам бузулганы далилденип, натыйжада бала бакчанын имараты муниципалдык менчикке кайтарылды.

“Аленка” бала бакчасына караштуу жер тилкеси 4 890 чарчы метрди түзөт. Жалпы баасы 5 миллион 221 миң сом деп бааланган. (RK)

XS
SM
MD
LG