Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Психикалык саламаттыкты сактоо программасы бекитилди


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков калктын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата өкмөттүн программасын бекитти.

Программага ылайык калктын психикалык саламаттыгын чыңдоо, анын жабыркашына жол бербей, жеткиликтүү медициналык жардамды камсыз кылуу жана жергиликтүү деңгээлде комплекстүү тейлөө системасын өнүктүрүү иштери аткарылат.

Ошондой эле адам укуктарын сактоо, психикасы бузулган адамдарды айыктырууну тездетүү, ооруга чалдыгышын жана майып болуу коркунучун азайтуу да каралган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, документ «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды. Беш жылдык мөөнөткө 35 иш-чарадан турган баштапкы план бекитилди.

Программаны иштеп чыгууда тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана өлкөнүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик жумушчу топ иш алып барган. (SDz)

XS
SM
MD
LG