Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Сооронкулова: Сот тармагына былтыр 1 миллиард сомдон ашуун акча бөлүнгөн


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Кыргызстанда сот системасын каржылоонун көлөмү көбөйтүлгөнү менен тиешелүү натыйжа болбой жатат. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өтүп жаткан форумда Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

- Сотторду каржылоо беш эсе көбөйтүлдү, 2017-жылы сот системасына мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүндү. Бирок көйгөй чечилген жок. Талдай келгенде маселе сот кызматкерлеринин өзүндө экенин түшүндүк.

Ошондой эле Клара Сооронкулова Сотторду тандоо кеңешинин курамын түзүүдө ачыктык камсыз болбой жатканын айтты.

Жыйында саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандагы сот, укук тартибин коргоо органдарынын абалын, келечегин талкуулап жатышат.

Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, экс-премьерлер Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Курманбек Зулушев, Исхак Масалиев жана башкалар катышып жатышат.

Талкууну укук коргоочу Динара Ошурахунова баштаган жарандык коом өкүлдөрү уюштурду.

Алардын айтымында, жыйынга президенттик жана өкмөттүк аппараттан бийлик өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн, бирок эч ким келген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG