Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 20:47

Мамлекеттик ипотекага 8 миң чарчы метр турак жай берилет


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2018-жылы 8 миң чарчы метр арзан турак жайды мамлекеттик ипотека аркылуу берсе, 2019-жылы ипотекага берилген турак жайдын көлөмү 130 миң чарчы метрге жеткирилет. Бул тууралуу парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Санжар Мукамбетов маалымдап, Чүй жана Нарын облустарында көп батирлүү 2 үй курулуп жатканын айтты. «Компания быйыл калган облустардын борборлорунда – Каракол, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас шаарларында арзан турак жай кура баштайт. Анан, албетте, курулуштун сапатына өзгөчө көӊүл бурулат», - деди Мукамбетов.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, Мукамбетов депутаттарга турак жайдын эскириши 40 пайызга жеткенин, абалды оңдоого багытталган иштер «Арзан турак жай - 2015-2020» программасын алкагында жүрүп жатканын айтты.

Ушу тапта Кыргызстандагы жалпы турак жай фондунун тартыштыгы 30 млн. чарчы метрди түзөт. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG