Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Отунбаева: КСДП каалаганын кылып жатат, ага атаандаш күч түзүш керек


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кыргызстанда азыркы башкаруучу КСДП партиясына атаандаш боло турган күч түзүү зарыл. Бүгүн Бишкекте коррупцияга каршы аракеттерди талкуулаган жыйында экс-президент Роза Отунбаева ушундай пикирин билдирди.

Ал саясатчылардын, оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти сындаган жыйын-талкуулары ураандар менен чектелбестен, 5-6 жылдан кийин күчтүү платформага айлануучу өзүнчө саясий күчкө биригүү планын талкуулашы керек деп эсептейт.

- Саясий атаандаштык жокко эсе бүгүн. Саясий майданды бир партия ээлеп турат, билгенин кылып жатат. Биз бүгүн азыркы КСДП, анын клон-партиялары жасаган иштерди сынга алып жатабыз. 2020-жылга карата кубаттуу саясий күч түзүлүшү керек. Аны жакшылап “бышырыш” керек. Бул үчүн сүйлөшүп, өз позициябызды тактап, бир ойго келишибиз зарыл, - деди Отунбаева.

Жыйында саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандагы сот, укук тартибин коргоо органдарынын абалын, келечегин талкуулап жатышат.

Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, экс-премьерлер Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Курманбек Зулушев, Исхак Масалиев жана башкалар катышууда.

Талкууну укук коргоочу Динара Ошурахунова баштаган жарандык коом өкүлдөрү уюштурду.

Алардын айтымында, жыйынга президенттик жана өкмөттүк аппараттан бийлик өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн, бирок эч ким келген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG