Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:15

УКМК Чыңгыз Сыдыковду суракка алды


АКШда курал сатууга байланыштуу шек саналган кыргызстандык жаран Тенгиз Сыдыковдун бир тууганы Чыңгыз Сыдыков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу комитеттин өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Ал УКМК Сыдыковго кийинки учурда маалымат каражаттарында жазылган билдирүүлөрдү такташ үчүн суроолорду узатканын кошумчалады.

- "Америкадагы кыргызстандыктардын курал сатууга тиешеси бар" деген маалыматты такташ үчүн, териштирүү иштеринин алкагында Чыңгыз Сыдыковду УКМКга чакырдык. Анткени маалымат каражаттарында чыккан кабарларда Чыңгыз Сыдыковдун да аты айтылып жатат. Биз ошону гана тактадык.

27-февралда АКШнын Виржиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасы кыргызстандык Тенгиз Сыдыков менен Элдар Резвановду "курал-жарактардын бөлүктөрүн Чеченстанга ташууга аракеттенген" деген шектенүү менен кармаган.

2-мартта АКШнын соту курал аткезчилигине байланыштуу шектүү катары кармалган кыргызстандык Тенгиз Сыдыковду тергөө бүткүчө бошотуу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок Сыдыков тергөө маалындагы талаптарды аткара алаары аныкталгандан кийин бошотула турган болду.

Аны менен кошо кармалган Казакстандын жараны Элдар Резванов камакта калып, соттук угуу 7-мартта уланат. (SDz)

XS
SM
MD
LG