Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Оппозиция соттордун майрамында Жогорку соттун алдында митинг өткөрөт


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Соттордун таза иштөөсүн талап кылган митинг 5-мартта Жогорку соттун алдында өтөт. Мындай чечим бүгүн Бишкектеги жарандык жыйында кабыл алынды.

Анын уюштуруучуларынын бири, укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, митингге чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында коррупцияга каршы күрөш тууралуу билдирүүсүн колдоп, андан бул багытта чечкиндүү кадамдарды талап кылат:

- 5-мартта биз Эски аянтта, Жогорку соттун алдында чогулабыз. Андан кийин Ак үйдүн алдына да барып, талаптарыбызды айтабыз, ал жерде президенттик аппарат да, Жогорку Кеңеш да отурат. 5-март – бул сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күнү биз “сот системасы оңолбосо Кыргызстанда башка бийликтердин тизгини тартылбайт, өндүрүш оңолбойт, бизнес өнүкпөйт, инвестиция келбейт” деп айткыбыз келет. Бул митинг – президенттин сөзүн колдоо, себеби баарыбыз чарчадык коррупциядан. Президент "коррупция менен күрөшөм" деди. “Биз сизди колдойбуз, күрөшүңүздү колдойбуз, өзүңүздүн кадамдарыңызды күтөбүз” деп айтышыбыз керек. Кайдыгер эмес бардык жарандар келет деп ишенебиз.

8-февралда Коопсуздук кеңешинин отурумунда сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралган. Анда сүйлөгөн президент Жээнбеков “бир ишти бир канча жыл караган, бир жылда сегиз эле иш караган соттор бар” деген.

“Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок. Бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатышса, кылмыш кылып жатса, мен эмнеге карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон бардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз, сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем”, - деп айткан президент.

Бүгүнкү жыйынга бир топ оппозиционерлер, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, экс-премьерлер Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Курманкул Зулушев, Исхак Масалиев жана башкалар катышты.

Талкууну укук коргоочу Динара Ошурахунова баштаган жарандык коом өкүлдөрү уюштурду.

Алардын айтымында, жыйынга президенттик жана өкмөттүк аппараттан бийлик өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн, бирок эч ким келген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG