Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:48

Каталониянын экс-премьери өкмөттү кайра башкаруудан баш тартты


Карлес Пучдемон.

Каталония өкмөтүнүн мурдагы башчысы Карлес Пучдемон Испаниянын курамындагы аймакты кайра жетектөөдөн баш тартты. Бул тууралуу ал Брюсселден тараткан видеокайрылуусунда айтты. Пучдемон Каталониянын эгемендигин жактаган дагы бир саясатчы Жорди Санчести колдоого үндөдү. Ушу тапта Санчес кутумга байланыштуу айыпталып, абакта отурат.

Былтыр 21-декабрдагы кезексиз парламенттик шайлоодо бөлүнүүнү көздөгөн Пучдемон баштаган күчтөр жеңген. Каталониянын мурдагы жетекчиси Испанияга кайтып келсе, камакка алынат. Кезексиз парламенттик шайлоо аймак былтыр октябрда өз алдынчалык боюнча референдум өткөргөндөн кийин дайындалган. Мадрид ал референдумду мыйзамсыз деп баалап, Каталонияда түз башкаруу киргизген.

XS
SM
MD
LG