Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:16

Арменияда жаңы президент шайланды


Армен Саркисян.
Армен Саркисян.

Армениянын парламенти бүгүн Армен Саркисянды президенттикке шайлады. Мурдагы өкмөт башчы, Британиядагы мурдагы элчи, 64 жаштагы Саркисянды 90 депутат колдоп, 10 депутат каршы болду, бирөө арсар добуш берди. Армен Саркисян бул кызматта Серж Саркисяндын ордун басат. Оппозиция "азыркы мамлекет башчы эми премьер-министр болуп бийлигин бекемдейт" деп келатат. Эки саясатчы бири-бирине тууган эмес. Серж Саркисян Армен Саркисянды 19-январда башкаруудагы Республикалык партиянын атынан талапкер кылып көргөзгөн.

2015-жылы өткөн референдумдун жыйынтыгына ылайык Армения жарым-жартылай президенттик системадан парламенттик республикага өткөн. Эми президент вето укугунан ажырап калды. Андан тышкары мамлекет башчыны 7 жылга эл эмес, парламент шайлайт. Ал бул кызматты бир гана жолу ээлей алат.

Скептиктер конституциялык реформаларды азыркы президент Серж Саркисяндын саясий көзөмөлдү колдон чыгарбоо аракети катары сыпатташат. Анын президенттик мандаты 9-апрелде соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG