Скопьенин аэропортунан Улуу Александрдын же Искендер Зулкарнайндын айкели алынды. Бул кадамы менен Македония Греция менен дээрлик 30 жылдан бери өлкө аталышы боюнча бүтпөй келаткан талашта жакшы ниетин көргөзүүнү көздөйт.
Бийиктиги 2 метрлик айкелди аэропортту иштеткен түркиялык компания тартуулаган. 24-февралда болсо өлкөнүн негизги аба дарбазасынан "Улуу Александр" деген жазуу алынган. Эми аэропорттун, ошондой эле даңазалуу падышанын, жол башчынын ысымын алып жүргөн кан жолдун аталыштары өзгөртүлмөкчү.
Скопье менен Афины жакында эски талашты жөнгө салууга киришти. Греция мурдагы Югославиянын курамындагы жумурияттын аталышына каршы болуп келген. Анткени Грециянын түндүгүндө да ушундай эле аталыштагы аймак бар. Афины бул келечекте ар кандай жер талашка алып келиши мүмкүн деп чочулайт. Бул чыр Македониянын Еврошаркетке кошулуусуна да залакасын тийгизүүдө.