Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

«Кыргыз Туусу» министрди сындаган кайрылууну төгүндөдү


Гезиттеги текст.
Гезиттеги текст.

«Кыргыз Туусу» гезити саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев тууралуу жарыялаган кайрылууну төгүндөдү. Бул тууралуу бүгүн министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошону менен катар, мекеменин маалыматына караганда, гезиттин жаңы санында министрлик жүргүзүп жаткан иштер тууралуу макаланы жарыялоого өзүнчө орун берилди.

Министр Батыралиев “койгон дооматтарын далилдей албай, өз сөзүн төгүндөгөндөргө” каршы доо арызынан баш тартууга даяр экенин, бирок ошол 24 адамдын алтоо менен соттошууну уланта берерин айтты.

Батыралиев өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитин жана 24 дарыгерди сотко берген. Ага дарыгерлердин 2017-жылдын 1-декабрында ушул гезитке жарыяланган кайрылуусу себеп болгон. Батыралиев "бул кайрылууда айтылган маалыматтар жалган жана кадыр-баркыма шек келтирди" деп билдирген. Министр моралдык кенемте катары дарыгерлердин ар биринен 100 миң сом, ал эми гезиттен 500 миң сом өндүрүүнү соттон суранган. (RK)

XS
SM
MD
LG