Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Өзбекстанда 19 жыл түрмөдө отурган журналист боштондукка чыкты


Өзбекстанда 19 жылдан бери түрмөдө отурган оппозициячыл журналист Юсуф Розимуродов бошотулду. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна укук коргоочу Исмоил Адилов 2-мартта билдирди. Анын айтымында, Розимуродов Чирчиктеги колониядан 22-февралда коё берилип, ушул тапта өзүнүн кичи мекени - Кашкадарыя облусундагы үйүндө жүрөт.

54 жаштагы журналист оппозициялык "Эрк" партиясынын активдүү мүчөсү болчу жана партиянын гезитине макала жазып турчу. Аны 1999-жылы Ташкентте болгон жардыруулардан көп узабай камашкан. Ал жардырууларды бийлик ошол кездеги президент Ислам Каримовго кол салуу деп сыпаттаган. Розимуродов президентти өлтүрүү, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн өзгөртүү жана кылмыштуу топ түзүү боюнча айыпталып, 15 жылга кесилген, кийин бул мөнөт узартылган.

XS
SM
MD
LG