Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Трамп Орусияга каршы санкциялардын мөөнөтүн узартты


Дональд Трамп жана Владимир Путин.
Дональд Трамп жана Владимир Путин.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкция мөөнөтүн 2-мартта бир жылга узартты. Ак үйдүн басма сөз кызматы билдиргендей, Орусия Крымды аннексиялап алышы Украинанын мамлекеттик бүтүндүгүнө залакасын тийгизип, демократиялык жараяндарды одоно бузууну улантууда.

Москванын Украина чыгышындагы калабадагы ролуна байланыштуу 2014-жылдын 6-мартында кабыл алынган санкцияга ошол кездеги президент Барак Обама кол койгон эле. Экономикалык жана укуктук негиздеги санкция андан бери узартылып келатат.

Ушундай эле себеп менен Евробиримдик Орусияга 2014-жылы экономикалык санкцияларды киргзип, алты ай сайын узартат.

2014-жылдын жазында Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардун ортосунда башталган куралдуу кагылышууларда он миңден ашуун жайкын тургун курман болду. Кремль бул калабага тиешеси жоктугун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG