Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

БШК Аида Салянованы мандатынан ажыратуу маселесин карайт


Аида Салянова
Аида Салянова

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы мандатынан ажыратуу маселесин карайт. Саат 14:00дөгү жыйын ачык болорун, ага журналисттер катыша аларын БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны эл өкүлү үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Салянова муну саясий буйрутма деп эсептейт.

"Ата Мекен" партиясынын юристтери сот чечимине ылайык, Салянова жазаны кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөй турганын, мандатын алып салуу туура эмес болорун айтышкан. БШК өкүлү Абдыжапар Бекматов мандатты алууга мыйзамдуу негиздер бар экенин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG