Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Бакен Кыдыкеева атындагы театрга жаңы жетекчи дайындалды


Жолдошбек Аманкулов
Жолдошбек Аманкулов

Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына Жолдошбек Аманкулов дайындалды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы жетекчини министр Султан Жумагулов 2-мартта театр жамааты менен тааныштырды.

Жолдошбек Аманкулов эмгек келишимдин негизинде бир жылга дайындалды. Эгер бир жылдын ичинде өзүн мыкты көрсөтүп, ийгиликтерди багынтып иштеп кетсе, келишим кийинки жылга узартылат.

Буга чейин аталган театрды Эген Чалабаев башкарган.

38 жаштагы Жолдошбек Аманкулов көрөрмандарга Жолдошбек Жанжигит уулу деген ысым менен белгилүү. “Учур” театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинде ага окутуучу болгон.

Москвада М.С Щепкин атындагы жогорку театралдык институтта окуган. Учурда Орусия президентине караштуу Башкаруу академиясында магистратурада окуйт. Ч.Айтматов жана М.Рыскулов атындагы сыйлыктардын ээси.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кызы бар. (SE)

XS
SM
MD
LG