Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Ташкент романтикалык жолугушуу үчүн эң арзан шаар деп табылды


Ташкенттеги эстеликтердин бири
Ташкенттеги эстеликтердин бири

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан ECA International консалтинг агенттиги Ташкентти романтикалык жолугушуулар үчүн эң арзан шаар деп жарыялады.

Агенттик февралда дүйнөдөгү 26 ири шаарга байкоо салып, эсеп-кысап чыгарган. Изилдөөчүлөр романтикалык жолугушууга сарпталчу каражатты кино үчүн эки кишилик билет, ресторандагы кечки тамак, бардагы эки коктейл жана такси акысынын эсебинде санашкан.

Өзбекстандын баш калаасындагы чыгым жалпысынан 50 доллар болгон: такси - 2, кино - 7, коктейл - 7, ресторан - 34 доллар.

Изилдөө жүргүзүлгөн калаалардын рейтингинде Ташкенттен кийин Кейптаун турат, чыгым 69 доллар. Анын артында Каир - 75 доллар.

Баяндамада Женева эң кымбат шаар деп табылган. Бул жерде бир жолку жолугушууга орточо 295 доллар коротулат.

Осло шаарындагы жолугушуу 262, Нью-Йоркто 225, Сидней 217, Лондон 205 долларга чапчыйт.

Изилдөөгө Борбор Азиядан Ташкент гана тандалган.

XS
SM
MD
LG