Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

"Эйр Манас" "кара тизмеден" чыгууга жол ачкан сертификат алды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын "Эйр Манас" авиакомпаниясы Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгууга жол ачкан сертификат алды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдирди:

-Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциация (IATA) аудитинин жыйынтыгы чыкты. Текшерүүдөн жакшы өтүштү. Ушул айдын аягында дагы бир сертификат алышат. Ошону менен "кара тизмеден" чыгууга шарт түзүлөт.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын абалы, коопсуздугу боюнча Европа Биримдигинин "кара тизмесине" 2006-жылы илинген. Андан чыгуу боюнча бир канча жолу жасалган аракеттен майнап болгон эмес.

Учурда аталган "кара тизмеде" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын гана авиакомпаниялары бар. (SE)

XS
SM
MD
LG