Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Украина Европадан газ алуу көлөмүн көбөйтөт


Газ жеткирүү тармагындагы кызматкер. Украина. 2015-жыл.
Газ жеткирүү тармагындагы кызматкер. Украина. 2015-жыл.

Көгүлтүр от кризисин жоюу үчүн Украина бийлиги Европадан газ алуу көлөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу президент Петро Порошенко айтканын "Интерфакс" кабарлады.

2-мартта Орусиянын "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер Украинага газ жеткирүү боюнча келишимдерди токтотуу жараяны башталганын билдирген. Миллер муну Стокгольмдогу Арбитраждык соттун чечимине жооп экенин айткан.

Анын алдында Украинанын энергетикалык "Нафтогаз" компаниясы Орусиянын "Газпрому" менен талашта утканы маалымдалган. 28-февралда Стокгольмдогу Арбитраждык сот төрт жылдан берки талашка чекит коюп, "Газпромду" украиналыктарга 4,6 млрд. доллар кенемте төлөөгө милдеттендирген.

Украина тарап "Газпромду" тийиштүү деңгээлде газ өткөрбөй жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG