Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Кыргызстанда төрт жаңы диализ борбору курулат


Иллюсративдик сүрөт
Иллюсративдик сүрөт

5-мартта Fresenius Medical Care Kyrgyzstan аттуу компаниянын ачылышы болот. Бул кеңсе Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына курула турган төрт жаңы диализдик борбордун курулушун баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстанда жасалма бөйрөк жабдууларын иштетүү мамлекеттик-менчик кызматташтык системасына өткөн. Мамлекеттик ооруканаларда диализ жабдыктары тартыш жана эски болгондуктан гемодиализге муктаждар менчик жайлардан тейленип, акысын мамлекет төлөп берүүдө.

2017-жылы бул багытта өкмөт тендер жарыялап, германиялык Fresenius Medical Care компаниясы жеңген. Гемодиализ боюнча бул долбоор өлкөнүн саламаттык тармагындагы мамлекеттик жана менчик биргелешкен биринчи кызматташтыгы болмокчу. Анын негизинде бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандардын 75 пайызы заманбап гемодиализ менен камсыз болушат. Азыр миңден ашуун адам мамлекеттик акысыз гемодиализде кезек күтүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG