Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Кабулда Австралия элчилигинин жанындагы жардырууда бир киши өлдү


Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы жардырууда бир адам набыт болуп, 22 киши жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Нажиб Даниш билдирди.

Ооган медиасы кабарлагандай, 2-мартта Австралиянын элчилигинин жанында жанкечти өзүн жардырган. Австралиянын тышкы иштер министри Жули Бишоп дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери жабыркабаганын маалымдады.

Кол салуу чет элдик күчтөрдүн аскер кербенине каршы уюштурулганы айтылууда.

Азырынча жардыруу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG