Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Киевде полиция нааразылыкка чыккан ондогон кишини кармады


Украинанын парламентинин алдына чатыр тигип, коррупцияга каршы олуттуу чара көрүүнү талап кылып отурган активисттердин арасынан жүз чамалуу кишини полиция кармап кетти.

Полициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 3-мартта өткөн рейд учурунда тартип сакчылары менен активисттер кагылышкан. Андан соң орган кызматкерлери ондогон адамдарды кармап кеткен. Кагылыш маалында алты активист жана төрт полиция кызматкери жарадар болду. Алар күйүк жана башка жарааттар менен ооруканага жеткирилген.

Расмий маалыматтарга караганда, нааразылык акциясынын катышуучулары полицияга таш жана Молотов коктейлин ыргыткан. Нааразылыкка чыккандар полициянын аракетин сындашууда. Акцияны уюштургандардын бири, Жогорку Раданын депутаты Егор Соболев полиция акцияга чыккандар арасында тинтүүнү улантып жатканын билдирди. Тартип сакчылары жолго тигилген чатырларды алып жатканы кабарланды.

Жемкорлукка каршы күрөштү жандантуу, коррупцияга каршы атайын сот түзүү талабы менен уюштурулган акция былтыр октябрдан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG