Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 23:39

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы 9-мартка чейин сакталып, тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар.

4-мартта түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт. Күндүз тоо этектерине кар түшөт, айрым аймактарда кыска мөөнөттүү жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, күндүз тоолорго жакын жерлерде 20 метрге чейин жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз +6...+11;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +6...+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8;

Нарын обулсунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...+4;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -4...-9;

Бишкекте күндүз бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -1…+1° суук, күндүзгү жогорку температурасы +9…+11°.

XS
SM
MD
LG