Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:29

Саакашвили 18-мартта жалпы украин жүрүшүн өткөрүүнү сунуштады


Михаил Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы “Жаңы күчтөр кыймылынын” лидери Михаил Саакашвили 18-мартта жалпы украин жүрүшү өткөрүүнү сунуштады. Акцияда президент Петро Порошенконун жана башка бийлик өкүлдөрүнүн кызматтан кетиши жана жаңы шайлоо өткөрүү талаптары коюлат. Бул тууралуу Саакашвили "Фейсбукка" жазган жарыяга таянып РБК сайты маалымдады.

50 жаштагы Саакашвили февралда Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Андан ары Голландияга барып, ошол жакта жашоого уруксат алган.

Анын кыймылы украин президенти Петр Порошенкону коррупцияга байланыштуу айыптап, кызматтан кетүүнү талап кылып келет. Миңдеген адамдар катышкан митингдер маал-маалы менен өтүүдө.

Украинада жемкорлукка каршы күрөштү жандантуу, коррупцияга каршы атайын сот түзүү талабы менен уюштурулган нааразылык акциясы Жогорку Раданын жанында былтыр октябрдан бери уланат. 3-мартта полиция рейд жасап, ал жерде талап менен отурган ондогон адамды кармап кеткен. Буга активисттер менен тартип сакчыларынын ортосундагы кагылыш себеп болгон.

XS
SM
MD
LG