Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Имамдар Интернет азгырыгынан коргонууну үйрөнүштү


Имамдарга адистердин бири сабак өтүп жаткан кез.
Имамдарга адистердин бири сабак өтүп жаткан кез.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун имамдары балдарды Интернеттеги түрдүү топтордун азгырыгынан жана кибер чабуулдардан сактанууну үйрөнүштү. Муфтияттын басма сөз кызматы 3-мартта билдиргендей, молдорлого Kaspersky, Axoft компанияларынын өкүлдөрү тренинг өтүштү. Окууну Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурду.

Тренингде балдарга Интернеттин пайда-зыяны тууралуу дарс окулуп, зыяндуу тайпалардан коргоо ыкмалары үйрөтүлдү. Имамдар аны коомго жайылтышмакчы. Ошондой эле молдолорго кибер чабуулдардын өнүгүү тарыхы, дүйнөлүк желедеги кырдаал тууралуу маалыматтар берилди.

Кыргызстанда диний экстремизм интернет аркылуу да жайылып жатканын, социалдык желелерде агымдарга азгырган күчтөр бар экенин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана милиция такай эскертип келет. (SE)

XS
SM
MD
LG