Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Аба ырайы: жамгыр жаайт


Кыргызстанда туруксуз аба ырайы 9-мартка чейин сакталып, тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар.

5-мартта түнкүсүн айрым аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн, тоолорго жана тоо этектерине кар түшөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +9...+14;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз +8...+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +11...+16;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-1, күндүз +3...+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -4..-9, күндүз +2...+7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз 0...-5;

Бишкек шаарында түнкүсүн туман каптап, жаан жаашы мүмкүн. Эртең менен да туман түшөт. Күндүз жаан жаабайт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +12…+14° болот.

XS
SM
MD
LG