Түркиянын Анталия шаарында уюштурулган марафондо кыргызстандык Медербек Канатбек уулу ондукка кирди. 4-мартта Runanatolia марафонунда 10 чакырым аралыктагы жарышка 26 өлкөдөн 7852 спортчу катышты. Мелдешке Кыргызстандын атынан чыккан 26 жаштагы Медербек маарага онунчу болуп жетти.
Ал Анталияда мейманканалардын биринде официант болуп иштейт.
Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. (ElB)