Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Италияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Шайлоонун үгүт жарнактары
Шайлоонун үгүт жарнактары

Италияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Депутаттык орун үчүн негизги үч саясий топ күч сынашууда. Алар - мурдагы өкмөт башчы Сильвио Берлускони баштаган оңчул борбордук коалиция, борборчулдарга ыктаган солчулдар жана популисттик "Беш жылдыз кыймылы".

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбүгө караган түнү маалым болот.

Соңку эки жумадан бери социалдык сурамжылоо жүргүзүлбөгөндүктөн эксперттер шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы кыйын экенин белгилешүүдө. Февралдын ортосундагы сурамжылоодо Берлусконинин коалициясы лидерлик кылган. Бирок бир да саясий күч өкмөт куроо үчүн абсолюттук көпчүлүктү түзө албайт деген божомол да бар.

Берлускони баштаган команда жеңсе да мурда каржы кылмыштарына байланыштуу сот иштери үчүн ал премьерлик кызматты ээлей албайт.

XS
SM
MD
LG