Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Чыгыш Гута: элге гумжардам кербени жете албай жатат


Калаба жүрүп жаткан жердеги балдар
Калаба жүрүп жаткан жердеги балдар

Сириядагы козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гута анклавындагы элге гуманитардык жардам кербени жете албай жатат. Жекшемби күнкү аракеттен да майнап чыкпаганын, аймакта уруш уланып жатканын Reuters агенттиги БУУ өкүлүнө таянып билдирди. Жүздөгөн тургундарга багытталган гумжардам 40 машина менен жөнөтүлгөн.

БУУнун гуманитардык маселелер боюнча атайын чабарманы Ян Эгеланн гуманитардык коридордон майнап чыкпаганын 1-мартта да Женевада туруп билдирген.

Февралдын соңунда Чыгыш Гутадагы бомбалоодон жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында аялдар, балдар да бар.

БУУнун Коопсуздук кеңеши узаган аптада 30 күндүк ок атышпоо резолюциясын кабыл алганы менен калаба уланууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин жарыялаган буйрукка ылайык, “гуманитардык коридор” түзүлгөн. Бирок эл аралык коомчулук ал жакшы иштебей жатканын сындоодо.

XS
SM
MD
LG