Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

Балбан Базаргуруев Бээжин Олимпиадасынын коло байгесин алды


Бээжин Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Базар Базаргуруев жана анын машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов. Бишкек. 4-март, 2018-ж.
Бээжин Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Базар Базаргуруев жана анын машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов. Бишкек. 4-март, 2018-ж.

Кыргызстандык эркин күрөшчү Базар Базаргуруевге 2008-жылы Кытайдын Бээжин шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарынын коло байгеси ыйгарылды. Медалды тапшыруу аземи бүгүн, 4-мартта күрөш боюнча Азия чемпиондугу болуп жаткан Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте 27-февралда башталып, бүгүн аяктады.

Базаргуруев 2008-жылы Бээжин Олимпиадасында эркин күрөш боюнча 60 килограмм салмакта күрөшүп бешинчи орунду алган. Ал жылы күмүш медалды тагынган украиналык Василий Федоришиндин канынан тыюу салынган кызытма табылганын 2017-жылы апрель айында Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму маалымдаган. Ошол себептен Федоришиндин күмүш байгеси жапон Кеничи Юмотого берилсе, жапон балбанынын коло медалы Базаргуруевге ыйгарылды.

Базар Базаргуруевге коло медалдан сырткары Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2 209 312 сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды. Ошондой эле 2008-жылдагы Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнкановго 552 328 сомдун сертификаты да берилди.

Базар Базаргуруев Орусиянын Забайкал крайынын Бурят округунда төрөлүп өскөн. 2007-жылдан баштап Кыргызстандын намысын эркин күрөш боюнча коргоп келген. Бул аралыкта Азиянын чемпиондугун утуп, дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болду. Бир нече эл аралык мелдештерди жеңди. Үч жыл мурун кичи мекенине көчүп кеткен. Учурда жеткинчектерди эркин күрөш менен машыктырат.

Ушуну менен Бээжин Олимпиадасында Кыргызстандын эсебине үч байге жазылды. 2008-жылы грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло байге алган. (ECh)

XS
SM
MD
LG