Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

Асаддын армиясы Чыгыш Гутанын чейрек бөлүгүн ээледи


Чыгыш Гутага жакын жайгашкан аймактагы өкмөттүк армиянын жоокерлери. 1-март, 2018-жыл.
Чыгыш Гутага жакын жайгашкан аймактагы өкмөттүк армиянын жоокерлери. 1-март, 2018-жыл.

Активисттердин айтымында, Сириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гутанын чейрек бөлүгүн ээлешти. Буга чейин баш калаа Дамасктан алыс эмес жайгашкан бул анклав толугу менен Сирия президенти Башар Асадга каршы турган оппозициячыл козголоңчулардын көзөмөлүндө болчу.

Британияда жайгашып Сириядагы адам укуктарына байкоо салган обсерватория 4-мартта өкмөттүк армия дыйканчылык аймактарды өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Мамлекеттик маалымат каражаттары өкмөттүк күчтөр Чыгыш Гутадагы айылдарды жана талааларды бир нече фронттон кирип ээлешкенин жазышты.

Сирия президенти Башар Асадга караштуу күчтөрдүн аймакка абадан урган соккуларынан жүздөгөн карапайым тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, өкмөттүк армиянын жана алардын өнөктөштөрүнүн 18-февралдан бери уланып жаткан чабуулдарынан 600дөй жайкын киши набыт болду.

Москванын күнүнө беш сааттык ок атышпоо режимин киргизүү тууралуу чечими да, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алган 30 күндүк элдешүү тууралуу резолюция да натыйжа берген жок.

Анклавдагы курчоодо калган элге ушул убакытка чейин гуманитардык жардам жеткирүү кыйынчылык жаратууда. Улуттар Уюму белгилегендей, Гутада курчоодо 393 миңдей киши бар.

Эл аралык коомчулук армияны жайкын тургундардын өлүмүнө айыптаганы менен, өкмөттүк күчтөр аймакты Дамаск "террорчулар" деп атагандардан бошотууну көздөп жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG