Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Македонияда өлкөнүн аталышын өзгөртүүгө каршы демонстрация өттү


Скопьедеги нааразылык акциясы башкы аянтта өттү. 4-март, 2018-жыл.
Скопьедеги нааразылык акциясы башкы аянтта өттү. 4-март, 2018-жыл.

Жекшембиде он миңге чукул киши Македониянын баш калаасы Скопьеде нааразылык акциясына чыгышты. Алар мурдагы Югославиянын курамына кирген бул мамлекеттин аталышын коңшу Грециянын талабына ылайык өзгөртүүгө каршы чыгышты.

Өлкөнүн туусун көтөргөн демонстранттар 4-мартта калаанын борборундагы Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонский) эстелигинин жанына чогулушуп "Биз македондорбуз" деп кыйкырып жатышты.

Акция "Биздин аталышыбыз - биздин укугубуз" деген кыймыл тарабынан уюштурулду. Буга чейин Скопье Афина менен 27 жылдан бери созулуп келаткан талашты ушул жайда өтчү НАТОнун саммитине чейин чечүүгө үмүттөнөрүн билдиришкен.

Афина мурдагы Югославиянын курамындагы жумурияттын аталышына каршы болуп келет. Анткени Грециянын түндүгүндө да ушундай эле аталыштагы аймак бар. Греция бул келечекте ар кандай жер талашка алып келиши мүмкүн деп чочулайт. Бул араздашуу Македониянын НАТО жана Евробиримдикке кирүү аракеттерине кедергесин тийгизип келди. Греция болсо эки блоктун тең мүчөсү.

Ушундай эле митингдер жекшембиде дүйнөнүн ар кайсы шаарларында уюштурулду. Вашингтон, Сидней жана башка шаарлардагы македониялыктар да өлкөнүн аталышын өзгөртүүгө каршылыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG