Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:05

Германия: социал-демократтар коалицияга кирүүгө макул


Германиянын канцлери Ангела Меркел. 7-февраль, 2018-жыл.

Германияда Социал-демократиялык партиянын көпчүлүк мүчөлөрү канцлер Ангела Меркелдин партиясы менен кошо "чоң коалицияга" кирүүнү колдошту.

Партиянын ичинде өткөн референдумдун жыйынтыгы жекшембинин таңында жарыяланды. Добуш берүүгө партиянын 380 миңдей мүчөсү катышып, алардын үчтөн экиси коалицияга кошулууну жакташты. Бул болсо алдыдагы апталарда Германияда министрлер кабинети куралат деген сөз.

Былтыр күздө өткөн парламенттик шайлоодон кийин партиялардын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам канцлер шайланбай келген.

Христиан-демократтар жана социал-демократтар буга чейин эле жаңы министрлер кабинети тууралуу сүйлөшүп коюшкан. Ага ылайык, Ангела Меркел канцлер бойдон калат. Ал эми Тышкы иштер министрлигине, Каржы министрлигине социал-демократтар келишет.

XS
SM
MD
LG