Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Орусия хакерлик боюнча айыпталган жарандарын экстрадиция кылбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин маегин NBC телеканалы жарыялады.

"Интерфакс" агенттиги президент Владимир Путиндин: "Мен билем, алар орус мамлекетинин, орус бийлигинин өкүлү эмес. Алар эмне кылышканын да түшүнбөйм. Эгер алар бир нерсе кылган болсо, америкалык кызматташтар бизге көрсөтсүн, биз аны иликтеп көрөбүз" деп орус тилинде айткан сөздөрүн цитата келтирди.

Хакерлерди экстрадициялоо тууралуу суроого Путин: "Орусия да АКШ сыяктуу жарандарын эч качан экстрадициялабайт" деп жооп берген.

Февралдын ортосунда АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык 13 жаранга жана үч компанияга "АКШга каршы кутум" айыбын таккан. Алардын ичинде ишкер Евгений Пригожин менен "Интернет-иликтөөлөр агенттигинин" 12 кызматкери бар.

XS
SM
MD
LG