Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Өзбекстан темир жол аркылуу жүк ташууга жеңилдик берди


Бишкек--Балыкчы темир жолу. 2014-жыл.
Бишкек--Балыкчы темир жолу. 2014-жыл.

Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Кайымов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 22-февралдан жыл аягына чейин Кыргызстандын бардык жүгү Өзбекстан аркылуу транзит менен 30% арзандатылган тарифте ташылат.

Буга чейин аталган багыт боюнча ташылуучу жүктүн көлөмү 300 миң тоннадан ашса, андан кийинки көлөмдөгү жүктөр 30% жеңилдик менен ташылат деген маалымат берилген.

Бул маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын былтыр 13-14-декабрда Ташкентте өткөн жолугушуусунда коюлуп, макулдашылган.

Былтыр сентябрдан тартып кыргыз-өзбек алакасы жакшырып, чек арадан өтүү жеңилдетилгенден кийин ишкерлер Өзбекстан аркылуу темир жол менен жүк ташуунун баасын төмөндөтүүнү өтүнүп, бир нече жолу кайрылышкан.

Өткөн жылдын августунда Өзбекстан Тажикстанга өз аймагы аркылуу темир жол менен жүк ташууга 30% жеңилдик берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG